> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Азык-түлүк программасы аркылуу Кыргызстанга 910 тонна азык-түлүк алынып келинди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/azyk-tuluk-programmasy-arkyluu-kyrgyzstanga-910-tonna-azyk-tuluk-alynyp-kelindi/
- Published: 2026-05-15T14:11:45.000Z
- Updated: 2026-05-15T14:11:44.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Россия Федерациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берилген азык-түлүк жардамы келип түшкөнүн маалымдайт.**

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы “ Эмгекке, окууга азык-түлүк” долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында көрсөтүлүүдө.

> *Долбоорлордун катышуучулары ирригациялык системаларды жана ичүүчү суу менен камсыздоо тармактарын калыбына келтирүү, дарыя жээктерин бекемдөө, ошондой эле климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана жердин деградациясын алдын алуу үчүн бак-дарактарды отургузуу иштерине катышууда. Бул долбоорлор алыскы жамааттардагы инфраструктураны жакшыртып, табигый кырсыктарга жана климаттык тобокелдиктерге даярдыкты күчөтүү менен катар, жумуш менен камсыз болууга жана өз алдынча эмгектенүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.*

Министрликтин Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына буга чейин 910 тонна азык-түлүк жеткирилди. Жакынкы күндөрү кошумча түрдө 120 тонна өсүмдүк майынын келиши күтүлүүдө.