> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясы муниципалдык унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/bishkek-meriiasy-munitsipaldyk-unaalardy-satuu-boiuncha-auktsion-zharyialady/
- Published: 2026-05-15T09:14:32.000Z
- Updated: 2026-05-15T09:14:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчиктеги унааларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөрүн жарыялады.** 

Маалыматка ылайык, 157 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 15-июнунда саат 14:00дө Бишкек шаарынын Чүй проспектиси, 168 дарегинде башталат. Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат.

> Ачык аукционго катышуу укугуна ээ болуу үчүн талапкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына лоттун номерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү арызын, өздүгүн тастыктаган документин жана кепилдик төгүмдүн төлөнгөнүн тастыктаган төлөм документтерин тапшырышы керек. Кепилдик төгүмдүн өлчөмү лоттун баштапкы суммасынын 10 пайызын түзөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар Чүй проспектиси, 168 дареги боюнча же 0312 979 195 (4220) телефон номери аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрыла алышат.