> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 522 миң сомдук мыйзамсыз тамеки продукциясы табылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/bishkekte-522-min-somduk-myizamsyz-tameki-produktsiiasy-tabyldy/
- Published: 2026-05-15T05:12:48.000Z
- Updated: 2026-05-15T05:12:47.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” конушунда жүргүзүлгөн рейд учурунда акциздик маркасы жок жана күмөндүү марка коюлган товарларды аныкташты.**

Салык кызматынан маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 522 миң сомдон ашкан товарлар табылган. Алардын арасында 110 литр спирт, 3500 куту тамеки, акциздик маркасы жок никотин камтылган 27 таңгак чайналуучу тамеки сагызы жана күмөндүү акциздик маркасы бар 41 бөтөлкө алкоголдук продукция болгон.

> Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган товарларды чет өлкөлүк жаран сактап жана сатып келген. Өнүмдөр Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин аймагында сатылып, төлөмдөр "AliPay" төлөм системасы аркылуу QR-код менен кабыл алынганы аныкталган.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1-10.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-5.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-6.webp)