> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Балтадан курал-жарак катылган жашыруун жай табылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/kara-baltadan-kural-zharak-katylgan-zhashyruun-zhai-tabyldy/
- Published: 2026-05-15T10:57:32.000Z
- Updated: 2026-05-15T10:57:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кара-Балта шаарынын четинен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жашыруун жай эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү, ошондой эле курал-жарак, жардыруучу заттар жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган.

> Текшерүү учурунда жашыруун жайдан 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар, жылмакай стволдуу куралга арналган октор, калибри тактала элек ок-дарылар, шпагиндин сигналдык тапанчасы, маркасы тактала элек төрт тапанча жана бир даана АК-74 автоматы алынган.

Учурда УКМК тарабынан жашыруун жайды уюштурууга тиешеси болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-7.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-9.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp_Image_vTwA9qk.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)