> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда азык-түлүк баалары өзгөрдү: пияз менен картошка кымбаттады
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/kyrgyzstanda-azyk-tuluk-baalary-ozgordu-piiaz-menen-kartoshka-kymbattady/
- Published: 2026-05-15T04:29:35.000Z
- Updated: 2026-05-15T04:29:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда ошондой эле Россия жана Казакстанда негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Анализ нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка жана өсүмдүк майы сыяктуу товарларды камтыды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.**

Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда айрым азык-түлүк товарларынын баасы жогорулаганы аныкталды. Тактап айтканда, баш пияз 7%, картошка 6,5%, кой эти 3,3%, уй эти 2,4% жана кумшекер 1,1% кымбаттаган. Ошондой эле жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну, пастерленген сүт, макарон азыктары жана нан азыктарынын баасында да аз өлчөмдө өсүү байкалган.

> Ошол эле учурда жумуртканын баасы 2,5% төмөндөсө, импорттолгон 1-сорттогу буудай уну 0,1% арзандаган.

Казакстанда макарон азыктарынын баасы кескин өсүп, спагетти 25,5% кымбаттаганы белгилүү болду. Мындан тышкары сабиз, күрүч жана уй этинин баасы өскөн. Ал эми тандыр нан, баш пияз, кумшекер, картошка жана сүт азыктары арзандаганы байкалган.

> Россияда болсо сабиз, картошка, кумшекер жана эт азыктарынын баасы бир аз жогорулаган. Ошондой эле өсүмдүк майы, күрүч жана жумуртканын баасында өсүү катталган. Ал эми пастерленген сүттүн баасы 0,4% төмөндөгөн.

Мониторинг азык-түлүк рыногундагы баалардын өзгөрүүсүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүү максатында өткөрүлгөн.