> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп салынып жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/manas-shaarynda-375-orunduu-zamanbap-mektep-salynyp-zhatat/
- Published: 2026-05-15T09:28:07.000Z
- Updated: 2026-05-15T09:28:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында алты мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын бири — Чолок-Терек айылында салынып жаткан 375 орундуу заманбап мектеп.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда курулуш аянтында имараттын биринчи кабатынын колонналарын орнотуу иштери аткарылууда.

> Башкы план боюнча мектеп эки кабаттан туруп, жалпы аянты 4048 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат.

Жаңы билим берүү мекемеси пайдаланууга берилгенден кийин 750 окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөрү белгиленди.

> Ошондой эле курулуш иштеринин ар бир этабы Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп, текшерүүдөн өткөрүлүп жатканы маалымдалды.

Белгилей кетсек, айылдагы эски мектеп 1954-жылы ашар жолу менен 120 орунга ылайыкталып курулган. Учурда анда 527 окуучу билим алууда. Ал эми орун тартыштыгына байланыштуу 2025–2026-окуу жылында 10–11-класстарга окуучулар кабыл алынган эмес.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-15----14.40.37.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-15----14.40.39.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-15----14.40.44.png)