> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында ата-энесиз балдарга жер тилкелери берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/narynda-ata-enesiz-baldarga-baldarga-zher-tilkeleri-berildi/
- Published: 2026-05-15T10:43:53.000Z
- Updated: 2026-05-19T10:58:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдардын турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында Кочкор районундагы 5 балага, Жумгал районундагы 3 балага жана Нарын районундагы 1 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.

> Маалыматка ылайык, прокуратура органдары калктын аярлуу катмарына кирген жарандардын, анын ичинде балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо жана алардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча иштерди мындан ары да улантат.