Ноокаттагы Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт
Быйыл Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагындагы жолдорду оңдоого 7,5 миллион сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп, айылдын жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.
“Бул каражат тургундардын жашоо-шартын жакшыртып, ички жолдордун абалын оңдоого чоң жардам берет”, — деди Аманкан Кенжебаев.
Ошондой эле жолугушууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү жана социалдык маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, учурда президенттин тапшырмасынын негизинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп, жарандардын көйгөйлөрүн угуп жатышат.