> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмоктогу ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/15/tokmoktogu-den-sooluktu-chyndoo-kompleksinin-kurulushu-toktotuldu/
- Published: 2026-05-15T06:24:37.000Z
- Updated: 2026-05-15T06:24:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы Токмок шаарындагы курулуш объектилерине текшерүү жүргүздү.**

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ленин көчөсү 298 дарегинде жайгашкан ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталган.

Маалыматка ылайык, жаран Х.Б.Х. курулуш-монтаждоо иштерин тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүп жаткан. Бул Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу болуп эсептелет.

> Аталган факты боюнча мыйзам бузууларды жоюу тууралуу көрсөтмө берилип, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле бардык тиешелүү документтер толук таризделгенге чейин курулуш иштери токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жарандарды жана курулуш компанияларын курулуш иштерин баштоодон мурда бардык уруксат берүүчү документтерди өз убагында алып, мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-15----12.08.01.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-15----12.08.05.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-15----12.08.10.png)