> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финкөзөмөл жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/16/finkozomol-zharandardy-aldamchylardan-sak-boluuga-chakyrdy/
- Published: 2026-05-16T03:35:22.000Z
- Updated: 2026-05-16T03:35:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жарандарды интернет жана мессенджерлер аркылуу жасалган алдамчылык аракеттерге байланыштуу этият болууга чакырууда.**

> Аталган кызматтын маалыматына караганда, белгисиз адамдар мессенджерлерде жасалма аккаунттарды ачып, заманбап үн жаратуу технологияларын колдонуу менен Финкөзөмөл кызматынын төрагасынын жана анын орун басарларынын атынан чалууларды жасап жана билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/696898926_18103023425054404_3832957451566835467_n--1-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/700189116_18103213724054404_7145279696107279384_n.jpg)

Мекеме мындай аракеттер жарандардын ишенимине кирүү, жеке маалыматтарды алуу же ар кандай алдамчылык схемаларды ишке ашыруу максатын көздөшү мүмкүн экени белгилейт. Ушуга ылыйык, төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталуула:

· белгисиз номерлерден келген чалууларга жана билдирүүлөргө ишенбөө;

· жеке маалымат, банктык реквизит, сыр сөздөрдү эч кимге бербөө;

· күмөндүү шилтемелерге өтпөө;

· маалыматтарды расмий булактар аркылуу гана тактоо.

Ошондой эле мекеме мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жарандардан мессенджер аркылуу купуя маалыматтарды же акча каражаттарын талап кылбай турганын эскертти.