> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араванда өрүк бышып, сатыкка чыкты
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/18/aravanda-lgachky-oruk-byshyp-satykka-chykty/
- Published: 2026-05-18T06:48:40.000Z
- Updated: 2026-05-18T06:48:40.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Араван районунда алгачкы өрүк түшүмү бышып, базарларга чыга баштады. Бул тууралуу Араван райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы билдирди.**

Маалыматка ылайык, районго караштуу Төө-Моюн айыл өкмөтүндө дыйкандар өрүктүн алгачкы түшүмүн жыйнап жатышат.

> Учурда өрүктүн баасы 150-180 сомдон сатылууда.

Адистердин айтымында, быйылкы түшүмдүн сапаты жакшы болуп, түшүм жыйноо иштери этап-этабы менен уланат.