> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балдар онкологиясын каржылоо 200 эсе жогорулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/18/baldar-onkologiiasyn-karzhyloo-200-ese-zhogorulady/
- Published: 2026-05-18T07:55:52.000Z
- Updated: 2026-05-18T07:55:51.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 79-сессиясынын иш-чараларынын алкагында Кыргызстан балдар онкологиясы тутумун өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын жана онкологиялык оорулардан жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү тармагындагы эл аралык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын сунуштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов балдар онкологиясын өнүктүрүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Ресурстардын чектелүүлүгүнө карабастан, акыркы жылдары мамлекеттик колдоо, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана эл аралык өнөктөштүктүн аркасында Кыргызстан олуттуу ийгиликтерге жетише алды.* 

Акыркы он жылда Кыргызстанда балдар онкологиясын мамлекеттик каржылоо 200дөн ашык эсе өскөнү баса белгиленди.