> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин бардык абоненттери ысык суу системасына кошулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/18/bishkektin-bardyk-abonentteri-ysyk-suu-sistemasyna-koshuldu/
- Published: 2026-05-18T11:45:06.000Z
- Updated: 2026-05-18T11:45:05.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын бардык керектөөчүлөрү ысык суу менен камсыздоо системасына толук туташтырылды. Ысык суу штаттык режимде берилип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, эгерде айрым үйлөрдө же батирлерде ысык суу жок болсо, анын себеби, үйдүн ичиндеги ысык жана муздак суу системаларынын ортосундагы агымдын бузулушу болушу мүмкүн.

> *Шаар тургундарынан суу жылыткычтарын туура өчүрүлгөнүн жана сантехникалык жабдууларынын жарактуулугун текшерип коюуну өтүнөбүз, анткени туура эмес өчүрүлгөн бир эле суу ысыткыч бүтүндөй үйдөгү ысык суунун айлануусуна таасир этиши мүмкүн.*

Көйгөйлөр пайда болсо, кызмат көрсөтүүчүңүзгө, турак жай ээлеринин шериктештигине же "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасына кайрылууну сунуштайбыз:

\- Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;