> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарындагы мектепке 375 орундуу жаңы корпус курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/18/manas-shaaryndagy-mektepke-375-orunduu-zhany-korpus-kuruluuda/
- Published: 2026-05-18T12:55:57.000Z
- Updated: 2026-05-18T12:55:56.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Манас шаарынын Достук муниципалдык конушундагы Б. Осмонов атындагы мектепке 375 орундуу кошумча корпус куруп жатат.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жаңы имарат 3 кабаттан туруп, жалпы аянты 2478 чарчы метрди түзөт.

Кошумча корпуста заманбап окуу класстары, жыйындар залы, лаборатория, китепкана жана ашкана каралган. Учурда экинчи кабаттын дубалын тургузуу иштери жүрүүдө.

> Жаңы корпус пайдаланууга берилгенден кийин мектеп эки нөөмөт менен иштеп, 800гө жакын окуучуга шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, 1965-жылы курулган мектепте учурда 3 нөөмөт менен 3000ге жакын окуучу билим алууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-18----18.04.11.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-18----18.04.04.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/--------------------------2026-05-18----18.03.57.png)