> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте өтө турган One Run марафонуна 1200дөн ашык адам катталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/18/tamchydagy-myizamsyz-kurulushtar-ekologiiaga-5-5-mln-somduk-zyian-keltirgen/
- Published: 2026-05-18T13:35:15.000Z
- Updated: 2026-05-18T13:35:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**23-майда Бишкекте ири чуркоо долбоору болгон "Баатырлар лигасынын" алкагында өткөрүлүүчү One Run эл аралык жарым марафону өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.**

Жарышка 1200дөн ашык адам катышат. Катышуучуларга төмөнкү аралыктар сунушталат: 1 км, 5 км, 10 км жана 21,1 км.

> Жарым марафондун маршруту шаардын түштүк бөлүгү (Түштүк магистраль) аркылуу өтөт. Старт-финиш зонасы жана фан-күйөрмандар шаарчасы "Газпром" балдарга дене тарбия ден соолукту чыңдоо аймагында жайгашат.

Иш-чарага байланыштуу, 23-майда саат 6:30дан 13:00гө чейин жарыштын маршруту боюнча жол кыймылы убактылуу жабылат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-23.jpeg)