> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жумгал районунда 48 кичи футбол аянты пайдаланууга берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/18/zhumgal-raionunda-48-kichi-futbol-aianty-paidalanuuga-berilet/
- Published: 2026-05-18T04:12:52.000Z
- Updated: 2026-05-18T04:12:51.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Жумгал районунун аймагында жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын жайылтуу жана айыл жергесиндеги спорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында Президенттин турукташтыруу фондусунан беш айылга кичи футбол аянттары курулат.** 

Президенттин өкүлчүгүнүн маалыматына караганда, учурда курулуш иштерине карата жер тилкелери даярдалып, жер жумуштары башталды. Футбол аянттары, Лама, Таш-Дөбө, Чаек, Кичи-Арал жана Чоң-Арал айылдарына салынат.

> *Бул долбоор жаштар үчүн заманбап шарттарды түзүп, спорт аркылуу ынтымакты бекемдөөгө жана келечек муундун ден соолугун чыңдоого чоң өбөлгө болот.*

Президенттин турукташтыруу фондунун колдоосу менен Нарын облусуна 60 кичи футбол аянты куруу пландалса, быйыл анын 48и салынып колдонууга берилет.