> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ак-Өргөдө" муниципалдык аймакты бошотуу иштери уланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/19/ak-orgodo-munitsipaldyk-aimakty-boshotuu-ishteri-ulanuuda/
- Published: 2026-05-19T04:34:38.000Z
- Updated: 2026-05-19T04:34:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**16-майда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан "Ак-Өргө" конушундагы Б. Алыкулов көчөсүндө муниципалдык аймакты бошотуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

Демонтаж иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр алынган:  
•даараткана — 7 даана (50 чарчы метр);  
•капиталдык курулуштан тосмо — 60 м;  
•жеңил конструкциядагы тосмолор — 40 м;  
•тор тосмолор — 250 м;  
•бастырма — 18 чарчы метр;  
•темир торлор — 20 м;  
•дарбазалар — 3 даана;  
•бетон тосмолор — 10 даана.

Жалпысынан 2732 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

> Учурда демонтаж иштери улантылууда. Жер тилкелеринин чегинен чыгып, муниципалдык аймакты ээлеп алган жарандарды өз ыктыяры менен ээлеген жерлерин бошотууга чакырабыз.

Белгилей кетсек, бул аймак жашылдандырылып, тротуардын эки тарабына бак-дарактар отургузулуп, тургундардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн көрктөндүрүлөт.