> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/19/bishkek-menen-tatarstan-shaar-bashkaruu-boiuncha-onoktoshtuktu-kuchotot/
- Published: 2026-05-19T13:35:15.000Z
- Updated: 2026-05-19T13:35:14.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.**

Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, инфраструктураны жакшыртуу, коомдук транспорт жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Василь Шайхразиев Бишкекке буга чейин дагы бир нече жолу келгенин белгилеп, шаар акыркы жылдары ылдам өнүгүп жатканын айтты.

> “Татарлар менен кыргыздар бири-бирине жакын элдер. Ар бир келген сайын Бишкектин өзгөрүп, өнүгүп жатканын көрүүгө болот”, — деди ал.

Өз кезегинде мэр Айбек Джунушалиев бардык муниципалитеттер үчүн тургундардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу негизги артыкчылык экенин белгиледи.

> Анын айтымында, шаарларды өнүктүрүүдө ийгиликтүү тажрыйбаларды үйрөнүү жана мыкты долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1779190966.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1779190978.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1779191014.jpg)