> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 9 кг гашишти сатууга аракет кылган жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/19/oshto-9-kg-gashishti-satuuga-araket-kylgan-zharan-karmaldy/
- Published: 2026-05-19T05:31:35.000Z
- Updated: 2026-05-19T05:31:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунда өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана таратууга аракет кылган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, 16-май күнү жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Д.А. атайын даярдалган жашыруун жайдан баңгизаттарды алып чыгып, аларды андан ары сатуу максатында аракет кылып жаткан учурда кармалган.

> Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында алынган заттар жалпы салмагы 8 килограмм 943 граммды түзгөн “гашиш” баңгизаты экени аныкталган.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, бул факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылып жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1-17.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-9.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-5.webp)