> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто быйыл 13 жаңы сквер пайдаланууга берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/19/oshto-byiyl-13-zhany-skver-paidalanuuga-berilet/
- Published: 2026-05-19T11:41:59.000Z
- Updated: 2026-05-19T11:41:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу максатында быйыл 13 жаңы сквер курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда скверлерди куруу иштери соңку этапка өтүп, аймактарды жашылдандыруу, гүл жана көчөт отургузуу иштери жүрүүдө. Жаңы эс алуу жайлары июнь айында пайдаланууга берилет.

Белгиленгендей, скверлердеги жашыл зоналар заманбап тамчылатып сугаруу системасы аркылуу сугарылат. Ал эми гүлдөр шаардагы жашылдандыруу комбинатынын өздүк чарбасынан алынып келинүүдө.

Учурда скверлерге 400 түп гортензия гүлү отургузулууда.