> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жети-Өгүздө 110 млн сомго бала бакча курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/19/zheti-oguzdo-110-mln-somgo-bala-bakcha-kuruluuda/
- Published: 2026-05-19T07:58:14.000Z
- Updated: 2026-05-19T07:58:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында 140 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигини басма сөз кызматы билдирди.**  

Маалыматка ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 110 миллион сомду түзөт. Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда.

Башкы планга ылайык, жалпы аянты 1268 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу, 3 блоктон турган имарат курулууда. Учурда курулуш иштеринин 46 пайызы аткарылып, ички курулуш-монтаждоо иштерин баштоо алдында турат.

> *Жаңы бала бакчада балдардын тарбиялык сабак өтүүчү, уктоочу жана дарыгердин бөлмөлөрү заманбап шартта жабдылат. Ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампасы, ашкана, оюн бөлмөлөрү жана музыкалык-гимнастикалык сабактар өтүүчү залдар каралган.*

Долбоор аймактагы социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга жана бөбөктөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.