> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир жылда Кыргызстандагы музейлерге дээрлик 1 млн адам барган
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/20/bir-zhylda-kyrgyzstandagy-muzeilerge-deerlik-1-mln-adam-bargan/
- Published: 2026-05-20T11:04:03.000Z
- Updated: 2026-05-20T11:04:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**2025-жылы Кыргызстан аймагындагы музейлерге 931 миң адам келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, музейлерге келгендердин эң көп үлүшү Ош шаарына туура келип, жалпы көрсөткүчтүн 40%дан ашыгын түзгөн. Ал эми Бишкек шаарындагы музейлерге келгендер 20%дан ашык болсо, Чүй облусунда бул көрсөткүч 11%дан ашып, Ош облусунда 8%га жакын болгон.

Быйыл республика боюнча жалпысынан 67 музей иш алып барып, зыяратчыларга 212 миңге жакын экспонат сунушталган.

> Экспонаттардын саны боюнча Бишкек шаары алдыда болуп, анда 56 миң экспонат сакталат. Ысык-Көл облусунда 41 миң, ал эми Ош шаарында 34 миң экспонат катталган.

Мындан тышкары, 2025-жылы музей кызматкерлери тарабынан 13 миңден ашык экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына арналган 1 миңден ашуун лекция даярдалган.