> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин айрым райондорунда 21-майда суу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/20/bishkektin-airym-raiondorunda-21-maida-suu-ochurulot/
- Published: 2026-05-20T12:25:01.000Z
- Updated: 2026-05-20T12:25:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**21-май күнү саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы билдирди.**

Маалыматка ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбей калат.

> Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча-3 шаарчасы.

Белгиленгендей, суу берүү 10-кичи райондогу диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияга байланыштуу токтотулат. Учурда МИК аймагындагы казылган чуңкурда агып жаткан жерди аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

> “Бишкексууканал” ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.