> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Октябрь айында пенсияны көтөрүү маселеси каралат
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/20/oktiabr-aiynda-pensiiany-kotoruu-maselesi-karalat/
- Published: 2026-05-20T09:18:46.000Z
- Updated: 2026-05-20T09:18:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов ушул жылдын октябрь айындда пенсияларды кайрадан жогорулатуу пландалып жатканын билдирди.**

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө минималдуу пенсия 7,1 миң сомду түзөт.

> *Мукамбетов пенсиялар жыл сайын инфляция жана орточо айлык маянанын өсүшүнө жараша индексацияланып турарын айтты.*

> *Анын айтымында, пенсияларды көбөйтүү маселеси октябрь айында каралышы мүмкүн. Жогорулатуунун так көлөмү Социалдык фондго түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизинде аныкталат*.

Учурда Кыргызстандагы орточо пенсия 11,3 миң сомду түзөт.