> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарынын башкы планы боюнча талкуу болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/20/osh-shaarynyn-bashky-plany-boiuncha-talkuu-boldu/
- Published: 2026-05-20T10:21:35.000Z
- Updated: 2026-05-20T10:21:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**19-майда Ош шаардык мэриясынын имаратында Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.**

Маалыматка ылайык, жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. 

> *Комиссиянын отурумунда комиссия түзүү боюнча чечим кабыл алынып, Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо боюнча келишим түзүлдү. Ошондой эле буга чейинки башкы планга карата келип түшкөн сунуш-пикирлерди кароо да талкууланды.* 

Башкы план боюнча кийинки отурум июнь айында болот.