> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сауд Арабиясы тарабынан Кыргызстандагы аялуу катмардын өкүлдөрүнө жардам берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/20/saud-arabiiasy-tarabynan-kyrgyzstandagy-aialuu-katmardyn-okuldoruno-zhardam-berildi/
- Published: 2026-05-20T12:08:11.000Z
- Updated: 2026-05-20T12:08:10.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабия Падышалыгынан келген гуманитардык жардамды – социалдык жактан аялуу калк катмарына 48 тонна 720 кг курма тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, иш-чарага Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси мырза Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.

> *Гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына, ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.*

Бул долбоор Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борбору тарабынан ишке ашырылып, Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн системалуу гуманитардык колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат.

Бул демилге кыргыз-сауд мамилелеринин достук мүнөзүн жана тараптардын гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыктайт.