> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ТМУ өлкөлөрү шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кызматташат
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/20/tmu-olkoloru-shaardyk-infrastrukturany-onukturuu-boiuncha-kyzmattashat/
- Published: 2026-05-20T06:31:51.000Z
- Updated: 2026-05-20T06:31:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн “Урбанистика боюнча жогорку деңгээлдеги диалогу” уюштурулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Жыйында шаарларды өнүктүрүү, туруктуу пландоо жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, ТМУга мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселесине көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында Азербайжандын павильонунда шаардык жана мейкиндиктик пландоо, ошондой эле шаарлардын туруктуу өнүгүүсү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

> Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу сөз сүйлөп, шаарларды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарын жана ТМУ алкагындагы кызматташуу боюнча сунуштарды билдирди.

Мындан тышкары, ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын улуттук павильонуна барып, урбанистика жаатындагы долбоорлор менен таанышты.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясы Баку шаарында 17–22-май күндөрү өтүүдө. Форумда Кыргызстанды Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өкүлчүлүк кылууда.