> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/20/zhalal-abadda-kurulush-talaptaryn-buzgan-kompaniiaga-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-05-20T04:59:50.000Z
- Updated: 2026-05-20T04:59:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерин текшерүү иштери уланууда.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы Пионер көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайда курулуш талаптары жана техникалык регламенттер толук сакталбаганы аныкталган.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү акт түзүлүп, кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө жоюу тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилди.

> Мындан тышкары, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Вавилон Маркет” ЖЧКсына карата административдик чара көрүлүп, айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш жүргүзгөн жарандарды жана компанияларды уруксат берүүчү документтерди алдын ала толук тариздөөгө жана курулуш ченемдерин так сактоого чакырды.