> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жолдор убактылуу иштебейт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/21/ala-archa-zharatylysh-parkyndagy-asma-zholdor-ubaktyluu-ishtebeit/
- Published: 2026-05-21T03:20:08.000Z
- Updated: 2026-05-21T03:20:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жол убактылуу иштебейт. Бул тууралуу аталган парктын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.**

Маалыматка ылайык, “Хан-Тенгри” канат жолу 18-майдан 26-майга чейин иштебейт.

Бул аралыкта төмөнкү иштер жүргүзүлөт:

пландуу техникалык иштер;  
жабдууларды модернизациялоо;  
механизмдерди майлоо жана тейлөө;  
курулуш жана санитардык иштер;  
ишембилик жана аймакты көрктөндүрүү.

> *“Бардык иштер сиздердин ыңгайлуулугуңуздар, коопсуздугуңуздар жана эс алууңуздарды мындан да жагымдуу кылуу үчүн жүргүзүлүүдө”, – маалымдашты.*