> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чубак ажы Жалиловго "Эл Баатыры" наамы ыйгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/21/chubak-azhy-zhalilovgo-el-baatyry-naamy-yigaryldy/
- Published: 2026-05-21T04:04:03.000Z
- Updated: 2026-05-21T04:04:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Жалилов Чубак Тажибаевичке "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).**

Мамлекеттик сыйлык Чубак ажы Жалиловдун диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, ошондой эле элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.

> Чубак ажы Жалилов кыргыз коомчулугунда диний агартуу тармагындагы ишмердиги, элге айткан насааттары жана руханий баалуулуктарды жайылтуудагы эмгеги менен кеңири таанылган.