> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз дыйканчылык институтуна жаңы техникалар тапшырылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/21/kyrgyz-dyikanchylyk-institutuna-zhany-tekhnikalar-tapshyryldy/
- Published: 2026-05-21T08:28:33.000Z
- Updated: 2026-05-21T08:28:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан “Туруктуу айыл чарба азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында К.К.Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун материалдык-техникалык базасы чыңдалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Долбоордун алкагында илимий-изилдөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана институтту заманбап техникалар менен камсыз кылуу максатында атайын айыл чарба техникаларын жана жабдууларды сатып алуу иштери жүргүзүлүүдө.

> Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи этабында кыймылдаткычынын кубаттуулугу 200 ат күчүнө жеткен эки заманбап трактор сатылып алынды. Жаңы техникалар заманбап жабдуулар менен толук камсыздалганы белгиленди.

Долбоор айыл чарба тармагындагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана агрардык сектордун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-21-at-14.19.15.jpeg)