> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жайыттарды жакшыртуу үчүн 186 миң кг үрөн сатылып алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/21/kyrgyzstanda-zhaiyttardy-zhakshyrtuu-uchun-186-min-kg-uron-satylyp-alyndy/
- Published: 2026-05-21T08:44:01.000Z
- Updated: 2026-05-21T08:44:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

Кыргызстанда деградацияга учураган жана түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул максатта 2026-жылга республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнүп, жалпы көлөмү 186 440 килограмм болгон жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатылып алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Анын ичинде:

- кылкансыз түп бош — 28 878 кг;
- жайыт райграсы — 28 878 кг;
- шалбаа бетегеси — 42 026 кг;
- эспарцет — 86 658 кг.

Тендердин жыйынтыгында үрөн жеткирүүчүлөр катары Александр Голенков жана Адилет Анишев аныкталган.

> Министрликтин маалыматына караганда, алынган үрөндөр түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды жакшыртууга багытталат. Мындан тышкары, бул иштер мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоого, жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана экологиялык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Учурда үрөндөрдү аймактарга бөлүштүрүү жана себүү иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү даярдыктар жүрүп жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-21-at-13.52.26-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-21-at-13.52.26.jpeg)