> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Араванда жер тилкесинен чыгып кеткен май куюучу жайдын бир бөлүгү сүрдүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/22/aravanda-zher-tilkesinen-chygyp-ketken-mai-kuiuuchu-zhaidyn-bir-bolugu-surduruldu/
- Published: 2026-05-22T04:49:36.000Z
- Updated: 2026-05-22T04:49:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Араван районунда мыйзам талаптарын бузуу менен иштеп жаткан май куюучу жай аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда май куюучу жайдын колонкасынын коргоочу аймагы мыйзамдуу жер тилкесинен чыгып кеткени аныкталган. Аталган объект боюнча буга чейин жергиликтүү тургундар да нааразычылыгын билдирип келишкен.

> Жыйынтыгында тиешелүү комиссиялык текшерүү жүргүзүлүп, акт түзүлдү. Объекттин ээси О.М.П.га айып пул салынып, мыйзамсыз курулган бөлүгү демонтаждалды.

Ошондой эле жооптуу адистер тарабынан курулуш жана жер пайдалануу боюнча мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.