> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/22/kyrgyzstan-menen-polsha-migratsiia-boiuncha-kyzmattashtykty-kuchotot/
- Published: 2026-05-22T08:43:55.000Z
- Updated: 2026-05-22T08:43:54.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга министрдин орун басары М. Байгончоков жана Польша Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковский катышты.

> Тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүү келечегин талкуулап, өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана кыргыз-поляк кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.