> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/22/kyrgyzstan-menen-woah-kyzmattashtykty-chyndoonu-talkuulady/
- Published: 2026-05-22T09:44:50.000Z
- Updated: 2026-05-22T09:44:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту.**

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык көзөмөл системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

> Ошондой эле WOAH уюмунун эл аралык стандарттарын ишке ашыруу, ветеринардык инфраструктураны жакшыртуу жана техникалык-эксперттик колдоону кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Адилет Сотовалдиев WOAH менен кызматташтык өлкөнүн ветеринардык кызматын өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгилеп, уюмга көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

> Өз кезегинде Эммануэль Субейран Кыргызстанда жаныбарлардын саламаттыгын коргоо системасын чыңдоого көмөк көрсөтүү улантыларын айтты.

Жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-49-1.jpeg)