> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар табылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/22/narynda-myizamsyz-saktalgan-ok-atuuchu-kuraldar-tabyldy/
- Published: 2026-05-22T06:03:26.000Z
- Updated: 2026-05-22T06:03:25.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунда мыйзамсыз курал сактоого шектелген жарандар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында эки жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

> Анын жыйынтыгында М.Н.Т. жана М.Т.Т. аттуу жарандардын жашаган жеринен мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар табылып, алынган.

Учурда бул факт боюнча тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.