> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелгендер кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/22/son-koldo-myizamsyz-balyk-uuloogo-shektelgender-karmaldy/
- Published: 2026-05-22T04:07:46.000Z
- Updated: 2026-05-22T04:07:45.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Туристтик-экологиялык милиция Соң-Көлдө ири көлөмдө мыйзамсыз балык уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, 18-майда белгисиз жарандар мыйзамсыз балык уулап, аны сатып жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 21-майда Соң-Көл көлүнүн чыгыш жээгинен Нарын облусунун 1985, 1988, 1989 жана 1998-жылы туулган тургундары кармалган.

> Текшерүү маалында алардан 198 даана сига лудога балыгы, 20 синтетикалык тор, эки үйлөтмө кайык, калактар, рация жана башка балык уулоочу шаймандар табылган.

Учурда бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-12.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-14.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-8.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/5-7.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/6-3.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/7-2.webp)