> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/22/taksige-litsenziiany-tunduk-tirkemesi-arkyluu-alsa-bolot/
- Published: 2026-05-22T12:10:02.000Z
- Updated: 2026-05-22T12:11:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 22-майдан тарта таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.**

> *Маалыматка ылайык, өлкөдө 2025-жылдын августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.*

Баштапкы план боюнча лицензиялар 2025-жылдын аягына чейин гана берилмек. Бирок жарандардын кайрылууларын эске алуу менен таксиге лицензия берүү мөөнөтү ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.