> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кулжада 19,7 млн сомго курулган спорт комплекси ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/23/kara-kulzhada-19-7-mln-somgo-kurulgan-sport-kompleksi-achyldy/
- Published: 2026-05-23T11:49:04.000Z
- Updated: 2026-05-23T11:49:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында жаңы заманбап спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.**

Ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев катышып, элдин саламаттыгы жана билимдүүлүгү мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин белгиледи.

> Анын айтымында, жаңы спорт комплекси айыл жаштарына спорт менен машыгууга жана сергек жашоо образын калыптандырууга ыңгайлуу шарт түзөт.

Ошондой эле өкүл коом үчүн салым кошуп жаткан жеке ишкерлердин демилгесин жогору баалап, мындай долбоорлор ар дайым колдоого алынарын билдирди.

> Маалыматка ылайык, спорт комплексинин жалпы наркы 19,7 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 11,2 млн сом жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 7,5 млн сомду жеке ишкерлер бөлгөн. Ал эми 1 млн сом айыл тургундары тарабынан чогултулган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-2.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-1.png)