> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар экенин билдирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/23/kyrgyzstan-vengriiaga-et-eksporttoogo-kyzykdar-ekenin-bildirdi/
- Published: 2026-05-23T05:18:06.000Z
- Updated: 2026-05-23T05:18:06.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын жана Венгриянын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.**

Жолугушууга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев жана Венгриянын Айыл чарба министрлигинин өкүлү Саболч Пастор катышты.

> Тараптар ветеринария жана мал чарбачылыгы тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Адилет Сотовалдиев Кыргызстан Венгрияга эт продукциясын экспорттоого жана Венгриядан асыл тукум мал импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде венгр тарап Европа Биримдигине эт экспорттоо үчүн тиешелүү реестрге катталуу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан табигый балды Европа рыногуна чыгаруу боюнча оң тажрыйбага ээ экени айтылды.

> Мындан тышкары, Венгрия кыргыз продукциясын Европа Биримдигинин рыногуна чыгарууда консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууда азыркы учурда Венгриядан Кыргызстанга асыл тукум мал экспорттоого эч кандай чектөөлөр жок экени да белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-23-at-07.26.45.jpeg)