> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жол кыймылынын эрежелерин так сактоо талабы эскертилүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/23/zhol-kyimylynyn-erezhelerin-tak-saktoo-talaby-eskertiluudo/
- Published: 2026-05-23T06:20:14.000Z
- Updated: 2026-05-23T06:20:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун кызматкерлери Бишкек шаарында жеке жүрүү каражаттарын пайдалануучулар арасында алдын алуу иш-чараларды өткөрүүдө. Ага ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери борбор калаанын аймагында электр чыгырыгы, велосипед, мотоцикл жана башка ушул сыяктуу жеке жүрүү каражаттарын пайдаланган жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.**

> Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери - жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүшүүдө. 

Тактап айтканда, жарандарга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо; жөө адамдар өтүүчү тилкелерден өтүүдө транспорт каражатынан түшүү; тротуарлардын атайын бөлүнгөн тилкелери менен гана жүрүү керектиги эскертилүүдө.

Мындан тышкары, эреже бузууга жол берген айрым жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык административдик протоколдор түзүлдү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/---------------------------215--1.png)