> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кулжада дагы бир спорт зал ачылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/24/kara-kulzhada-dagy-bir-sport-zal-achyldy/
- Published: 2026-05-24T05:39:48.000Z
- Updated: 2026-05-24T05:39:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылында жаңы заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.**

Маалыматка ылайык, спорт объектисинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,4 миллион сом бөлүнгөн.

Ачылыш аземинде президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жаңы спорт зал райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаштар арасында спортту жайылтууга чоң салым кошорун белгиледи.

> Анын айтымында, спорт зал тургундарга, өзгөчө жаштарга сергек жашоо образын калыптандырууга жана спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында дагы жаңы спорт комплекси ачылган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/4-5.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/11.png)