> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ӨКМ сел коркунучу боюнча шашылыш эскертүү таратты
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/25/okm-sel-korkunuchu-boiuncha-shashylysh-eskertuu-taratty/
- Published: 2026-05-25T12:15:09.000Z
- Updated: 2026-05-25T12:15:08.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-28-май күндөрү өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору экенин эскертти.**

Маалыматка ылайык, аба ырайынын туруксуздугу жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылды.

> ӨКМ жарандарды этият болууга чакырып, өзгөчө алыскы аймактарда жана жол жүрүүдө коопсуздук чараларын сактоону эскертти.

Мындан тышкары, сел жүрүү коркунучу бар аймактарда жашаган тургундарга арыктарды тазалап, кооптуу жерлерде мал-жанды жана унааларды калтырбоо сунушталды.