> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров көчмөндөр оюндарына даярдыктарды текшерди
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/25/sadyr-zhaparov-kochmondor-oiundaryna-daiardyktardy-teksherdi/
- Published: 2026-05-25T04:18:56.000Z
- Updated: 2026-05-25T04:18:56.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги бөлүгү өтө турган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы жана Кырчын жайлоосундагы инфратүзүмдүк даярдык иштерин текшерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.**

Маалыматка ылайык, салынып жаткан айланма жолдон жана ички жолдорду оңдоп-түзөө иштеринен кабар алып, көчмөндөр оюндары өтө турган объектилерди көрүп чыкты.

> *Ошондой эле Мамлекет башчысы Ысык-Көл акваториясын кыдырып, өзүнүн тапшырмасы менен узак убакыттан бери жүргүзүлүп келген көлдөгү браконьерлик менен күрөшүү иштеринин жыйынтыгына көңүл бурду.*

> *Жетишилген ийгиликтер менен кошо көлгө салынган балык торлору, ошондой эле ар кандай таштандылар дагы деле чыгып жаткандыгын баса белгиледи.*

Президент Садыр Жапаровдун бул пландан тышкаркы текшерүүсүнүн жыйынтыгында министрлик жана ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилмекчи.