> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күйүүчү майдын баасын мамлекет көзөмөлгө алат
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/26/kuiuuchu-maidyn-baasyn-mamleket-kozomolgo-alat/
- Published: 2026-05-26T04:08:36.000Z
- Updated: 2026-05-26T04:08:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу боюнча жаңы токтом кабыл алды.**

> *Жаңы чечимге ылайык, 25-майдан 30-сентябрга чейин мамлекет бензин, дизель жана суюлтулган газ импортун субсидиялайт. Өкмөт бул кадам күйүүчү май тартыштыгын алдын алып, баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн жасалып жатканын билдирди.*

Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майга туруктуу баалар бекитилип, базар баасы менен айырманы мамлекет төлөп берет.

Мындан тышкары:

Бензин жана дизель боюнча акциздик төлөмдөрдү кечиктирип төлөөгө уруксат берилет;

күйүүчү майдын чекене баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет;

мунай продукцияларын автоунаа менен алып кирүүгө болгон айрым чектөөлөр алынат.

Бийлик бул чаралар өлкөдөгү күйүүчү май рыногун туруктуу кармап, бизнес менен жарандарга жеңилдик түзөрүн айтууда.