> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз фермерлери Россиянын мөмө-жемиш өндүрүү тажрыйбасы менен таанышты
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/26/kyrgyz-fermerleri-rossiianyn-momo-zhemish-onduruu-tazhryibasy-menen-taanyshty/
- Published: 2026-05-26T04:58:58.000Z
- Updated: 2026-05-26T04:58:57.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Мөмөлөр жана жемиштер” айыл чарба кластери менен биргеликте Россия Федерациясынын Жемиштер союзунун жана “Фрагария” компаниялар тобунун өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага мөмө-жемиш багытында иш алып барган дыйкан-фермерлер, питомник өкүлдөрү, экспорттоочулар жана тармак адистери офлайн жана онлайн форматта катышты.

> Жолугушууда “Фрагария” компаниясынын өкүлдөрү көчөт өстүрүү, мөмө-жемиш өндүрүү, экспорт жана заманбап технологиялар боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Ошондой эле тамчылатып сугаруу технологиялары боюнча презентациялар көрсөтүлүп, катышуучулар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, фермерлер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Жыйынтыгында мындай жолугушуулар агрардык сектордогу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-55.jpeg)