> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москвада кыргыз мигранттарынын актуалдуу маселелери талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/26/moskvada-kyrgyz-migranttarynyn-aktualduu-maseleleri-talkuulandy/
- Published: 2026-05-26T07:24:05.000Z
- Updated: 2026-05-26T07:24:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва шаарында Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуу 25-май күнү Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө уюштурулду.

> Анда жарандар Россиядагы кыргызстандыктардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу, жашы жете элек балдарды Москвадагы мектептерге жайгаштыруу жана башка актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Министр Канат Сагынбаев жарандардын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам кароо боюнча Өкүлчүлүктүн жетекчилигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/706197830_1452693850233617_3046470397356915560_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/706473906_1452693800233622_521068544978918282_n.jpg)