> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садовое айылындагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/26/sadovoe-aiylyndagy-myizamsyz-kurulushka-200-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-05-26T11:57:14.000Z
- Updated: 2026-05-26T11:57:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Москва районунун Садовое айылында курулуп жаткан таунхаустун тиешелүү архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, бул “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарын бузуу болуп эсептелет.

Аталган мыйзам бузуу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарапка кемчиликтерди четтетүү тууралуу жазуу түрүндө эскертүү берилип, тиешелүү акт түзүлдү.

> Ошондой эле мыйзам бузууга байланыштуу 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш жүргүзгөн бардык тараптарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1-86.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/2-67.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/3-53.jpeg)