> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Туристтик объекттердин санитардык абалына мониторинг жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/26/turisttik-obektterdin-sanitardyk-abalyna-monitoring-zhurguzuldu/
- Published: 2026-05-26T03:50:09.000Z
- Updated: 2026-05-26T03:50:09.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Саламаттык сактоо министрлиги 2026-жылдагы жайкы туристтик сезонго комплекстүү даярдык көрүү иштерин жүргүзүп, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукка, ичүүчү суунун сапатына жана туристтик инфраструктуранын эс алуучуларды кабыл алууга даярдыгына өзгөчө көңүл бурууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, даярдык иштеринин Саламаттык сактоо министринин орун басары Гульбара Ишенапысова оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, аймактык санэпидкөзөмөл борборлорунун жана тиешелүү кызматтардын адистери менен биргеликте Чүй жана Ысык-Көл областтарына иш сапарларды жасады.*

Мониторингдик иш-чаралар жай мезгилинде туристтердин агымы жогору болгон Кемин, Токмок, Балыкчы шаарларын, ошондой эле Ысык-Көл районун камтыды.