> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 28-майда Бишкектин айрым аймактарында суу убактылуу өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/05/27/28-maida-bishkektin-airym-aimaktarynda-suu-ubaktyluu-ochurulot/
- Published: 2026-05-27T04:10:59.000Z
- Updated: 2026-05-27T04:10:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2026-жылдын 28-майында Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо жана реконструкция иштерине байланыштуу, ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканалы" МИнан маалымдашты.**

Ага ылайык, саат **09:00дөн 23:00гө** чейин **Куланак көчөсү – Молдокулов көчөсү – Куйручук көчөсү – Ахунбаев көчөсү** менен чектешкен аймакта турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине **суу берилбейт**. Өчүрүү Д-225 мм суу түтүгүндөгү **авариялык оңдоо иштерине байланыштуу** жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, **саат 10:00дөн 00:00гө** чейин **Чыңгыз Айтматов проспектиси – Ахунбаев көчөсү – Руставели көчөсү – А. Баатыр көчөсү – Джунусалиев көчөсү – Грибоедов көчөсү – Садырбаев көчөсү – Коперник көчөсү – Курчатов көчөсү – Ташауз көчөсү – Айни көчөсү** менен чектешкен аймактарда да суу берүү убактылуу токтотулат. Бул өчүрүү Руставели көчөсүндөгү диаметри 300 мм болгон **суу түтүгүн көчүрүү иштерине байланыштуу** экени айтылды.

Ишкана шаар тургундарынан жана мекеме-ишканалардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну сунуштайт. Ошондой эле **«Менин шаарым» тиркемесин** жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып турууга чакырат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1779725134.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/1779723631.jpeg)